Депутат Эмилбек Жусуповдун ыйгарым укуктары токтотулду. Ордуна ким келди?
Бүгүн, 22-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Эмилбек Жусуповдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Анын бош депутаттык орду Советбек Рустамбек уулуна берилди. Ага депутат катары күбөлүк жана төш белги берилди.