Royal
SerepTV Logo

Чүйдө дайынсыз болуп жаткан мектеп окуучусу Бишкекте табылды

Чүйдө дайынсыз болуп жаткан мектеп окуучусу Бишкекте табылды
Кечээ, 3-апрелде Чүй ОИИБ маалымат берип, Адинай Самудинова мектепке кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдиришкен.
  • 2-апрель күнү милицияга 1975-жылы туулган жаран кайрылып, 2008-жылы туулган Адинай Самудинова аттуу кызы мектепке кеткен бойдон кайрылып келбегенин билдирип, арыз менен кайрылган.
Милиция кыздын табылганын билдирди. Маалыматка караганда, мектеп окуучусу Бишкектеги Калыс-Ордо конушунан табылып, Жайыл районуна жеткирилип, ата-энесине өткөрүп берилген.