Royal
SerepTV Logo

Бишкектеги «Улуу Тоо» ресторанында массалык уулануу болду

Бишкектеги «Улуу Тоо» ресторанында массалык уулануу болду
Бишкектеги «Улуу Тоо» ресторанында массалык уулануу болду. 27 адам жабыркаган, “Кыз узатуудан" кийин дагы 12 адам ууланганын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти.

Бул фактылар 15 жана 18-апрелде катталган. Ресторан Сухэ-Батор көчөсүндө жайгашкан. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы Кылмыш-жаза кодексине ылайык 18 миң сом айып пул салып, 23-апрелден тарта ресторандын ишин токтотуу боюнча санитардык корутунду чыгарган.