Royal
SerepTV Logo

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 10 жаштагы кыз табылды

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 10 жаштагы кыз табылды
Бишкекте дайынсыз болуп жаткан кыз табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. 5-апрелде Ленин РИИБге жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 16:00 чамасында 2014-жылы туулган кызы Ак-Ордо жаңы коңушунун Кошой Коргон көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирип, таап берүүнү суранган. Милиция кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагынан бир нече сааттын ичинде мурда дайынсыз жоголгон кызды таап, энесине тапшырышты.