Royal
SerepTV Logo

Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлүп жатат

Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлүп жатат

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, жакынкы үч саат аралыгында, ошондой эле кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.

Катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болуңуздар. Көчөдөгү көрнөк-жарнактардын, бак-дарактардан, электр чубалгыларынан алыс болуңуздар. Табият кубулушунун кырдаалына күбө болсоңуз "112" кызматына билдириңиз.