Royal
SerepTV Logo

Баткенде Айгүл гүлүн ачты. Бирок баары көрө албайт (сүрөт)

Баткенде Айгүл гүлүн ачты. Бирок баары көрө албайт (сүрөт)

Дүйнөдө сейрек кездешкен Айгүл гүлү гүлүн ачты. Баткен райондук токой чарбасынын башчысы Бактыяр Козубаевдин айтымында, 2023-жылдын 1-апрелинен тарта, 2026-жылдын 1-апрелине чейин (3 жылга) сейрек кездешүүчү Айгүл гүлүн сактап калуу жана көбөйтүү максатында жарандарга «Айгүл-Тоо» жаратылыш коругуна кирүүгө тыюу салынган.

"Айгүл таш" коругу 2008-жылы Баткен облустук токой чарба бөлүмүнө өткөрүп берилген. 2001-жылы тоонун тескей тарабы тосмолор менен тосулган. "Айгүл таш" мамлекеттик коругунун жалпы аянты 254 гектарды түзөт. Ал 1978-жылы коргоого алынып, 2004-жылы гүл Кыргызстандын Кызыл китебине кирген.

Болгону 10 эле күн гүл ачкан же өтө сейрек кездешкен бул гүлдү көрүү үчүн Кыргызстандын булуң-бурчунан башка, коңшу өлкөлөрдөн атайын туристтер келип, көрүп кетчү.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="237535,237536,237537,237538"]