Аялы төрөттөн каза болгон 9 балалуу атанын азыркы жашоосу кандай болуп жатат? (видео)
Эсиңиздерде болсо, 10-февралда Жайыл районунда төрөтканага 36 жаштагы келин түшүп, 11-февралда көз жарып, эртеси каза болгон. Келин 9-баласын жарыкка алып келген. Ал окуядан кийин маркумдун жолдошу SUPERTV'га окуянын чоо-жайын айтып берген. Андан бери дээрлик эки ай өттү. Тынчтыкбек Өмүрзаков 9 баласын кантип багып жатат? Өзү айтып берди.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн номер: МБАНК: 0706 40 59 40.
"1 кап унду 11 күн жейбиз. Улуу кызым апасын жоктотпой, баш-көз болуп жатат. Келинчегим тирүү кезде, бала каралашканга жардам берчүмүн. Азыр бала караганга көнүп калдым. Балам апасын көргөн деле жок да. Баламдын мүнөзү келинчегимдикине окшош. Жоош, бир мүнөз, оор басырыктуу",- деди ал.
https://youtu.be/J9p8DZy58vo