Abank
SerepTV Logo

9-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

9-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 9-апрелде түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз өлкөнүн көпчүлүк аймагында жаан жаап, күн күркүрөйт. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан нөшөрлөп жаайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +12 … +17, Талас жергесинде түнкүсүн +3…+8, күндүз +10…+15, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7… +12, күндүз +17…+22, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1… +6, күндүз +12…+17, Нарын өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз + 12…+17. Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +13…+15 градус жылуу болот.