Abank
SerepTV Logo

7-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

7-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 7-апрелде түнкүсүн Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +9…+14, Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +8…+13. Бишкекте түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +17…+19 градус жылуу болот.