Royal
SerepTV Logo

5-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

5-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 5-апрелде түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +4…+8, күндүз +17…+22, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +15…+20, Баткен түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15, Нарын облусунда түнкүсүн -1…+5, күндүз +10…+15. Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +20…+22 градус жылуу болот.