Abank
SerepTV Logo

4-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

4-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 4-апрелде түнкүсүн Нарын облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +9…+14, Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +12…+17. Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +17…+19 градус жылуу болот.