Abank
SerepTV Logo

3-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

3-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
3-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында жаан, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +13…+18, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +9…+14, Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +8…+13. Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +3…+5, күндүз +16…+18 градус жылуу болот.