Royal
SerepTV Logo

23-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

23-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 23-апрелде түнкүсүн Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +20… +25, Талас жергесинде түнкүсүн +5…+10, күндүз +18…+23, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10… +15, күндүз +22…+27, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +5… +10, күндүз +17…+22, Нарын өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз + 15…+20. Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +21…+23 градус болот.