Royal
SerepTV Logo

22-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

22-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 22-апрелде Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27, Талас жергесинде түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26, Баткен облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +21…+26, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +22…+27, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20, Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22, Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13°, күндүз +23…+25° болот.