Royal
SerepTV Logo

21-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

21-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 21-апрелде түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +8… + 13, күндүз + 22 … +27, Талас жергесинде түнкүсүн +5… + 10, күндүз + 19 … +24, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +11… + 16, күндүз + 22 … +27, Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +4… + 9, күндүз + 17 … +22, Нарын өрөөнүндө түнкүсүн +4… + 9, күндүз + 17…+22. Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +10…+12, күндүз +24…+26 градус болот.