Royal
SerepTV Logo

18-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

18-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 18-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +19… +24, Талас жергесинде түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5… +10, күндүз +21…+26, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2… +7, күндүз +12…+17, Нарын өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз + 13…+18. Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +22…+24 градус болот.