Royal
SerepTV Logo

17-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

17-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 17-апрелге караган түнү Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +17… +22, Талас жергесинде түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7… +12, күндүз +17…+22, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1… +6, күндүз +11…+16, Нарын өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз + 11…+16. Бишкекте түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз, +18…+20 градус болот.