Abank
SerepTV Logo

16-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

16-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
Эртең, 16-апрелде түнкүсүн жана күндүз көпчүлүк аймакта жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +13… +18, Талас жергесинде түнкүсүн +6…+11, күндүз +12…+17, Баткенде түнкүсүн +8… +13, күндүз +14…+19, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9… +14, күндүз +15…+20, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3… +8, күндүз +11…+16, Нарын өрөөнүндө түнкүсүн +2…+7, күндүз + 12…+17. Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз, +14…+16 градус болот.