Abank
SerepTV Logo

13-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

13-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
13-апрелге караган түнү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +18… +23, Талас жергесинде түнкүсүн +2…+7, күндүз +18…+23, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8… +13, күндүз +22…+27, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2… +7, күндүз +14…+19, Нарын өрөөнүндө түнкүсүн 9…+5, күндүз + 16…+21. Бишкекте түнкүсүн +7…+9, күндүз, +20…+22 градус болот.