Abank
SerepTV Logo

10-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

10-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы
10-апрелге караган түнү Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +16… +21, Талас жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6… +11, күндүз +18…+23, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2… +3, күндүз +10…+15, Нарын өрөөнүндө түнкүсүн -4…+1, күндүз + 12…+17. Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз, +19…+21 градус болот.