Abank_june
SerepTV Logo

Аргымак федерациясы спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекцияга унаа белек кылды

3-июлда Аргымак федерациясы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекцияга Changan үлгүсүндөгү автоунаа белек кылды. Бул демилге тууралуу Аргымак федерациясынын президенти “Алдыда дүйнөлүк көчмөндөр оюндары келе жатат. Ага карата мамлекеттин мыкты даярдыгын, иш-аракеттерин көрүп жатабыз. Мамлекеттин алдындагы спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекцияга чоң жоопкерчилик жана ишеним илинди. Дал ушул иштин алдында дирекцияга аз да болсо салым болсун деген тилек менен унаа белек кылып жатабыз” дейт. Ал эми дирекциянын жетекчиси өз кезегинде федерацияга ыраазычылыгын айтып, унаа алардын ишин жеңилдетерин кошумчалады.