Abank july
SerepTV Logo

Кыргызстанда роботтор жана жасалма интеллект: AI BALDAR фестивалы жүздөгөн ашуун конокту чогултту

2-августта Бишкекте AI BALDAR үй-бүлөлүк фестивалы өтүп, жүздөгөн балдар менен ата-энелерди бир аянтчага чогултту. Иш-чара Кыргызстандагы роботтор, Кыргызстандагы жасалма интеллект жана балдарды жасалма интеллектке окутуу темаларына арналды.

Коноктор гуманоид робот менен таанышып, жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн көрүп, интерактивдүү мастер-класстарга катышышты. Ошондой эле балдар AI технологияларын билим берүүдө колдонуу боюнча практикалык тапшырмаларды аткарышты.

Фестивалдын негизги максаты — балдарды жана ата-энелерди заманбап технологиялар менен тааныштырып, Кыргызстандагы жасалма интеллекттин өнүгүүсүнө кызыгууну арттыруу жана балдарды жасалма интеллектке окутуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү болду.

AI BALDAR фестивалын CODIFY IT-мектеби уюштурду.

 Кошумча маалымат үчүн: 0500 431 430