"Китеп көйгөйүн оңой чечет" | "Күндөлүк" жана жасалма интеллект
SEREPTV өлкөдөгү мектептерде жети жылдан бери колдонулуп келе жаткан «Күндөлүк» электрондук платформасынын ишмердүүлүгүн изилдеп, анын билим берүү системасындагы ордун жана мүмкүнчүлүктөрүн чагылдырган журналисттик материал даярдады. Иштеп чыгуучулар бул системаны өлкө боюнча пайдалануу үчүн мамлекетке акысыз негизде сунуштоого даяр экендиктерин билдиришүүдө.
«Күндөлүк» билим берүү тармагына кандай мүмкүнчүлүктөрдү сунуштай алат? Ал мугалимдердин ишин жеңилдетүүгө жана билим берүү системасын өркүндөтүүгө кандай салым кошо алат? Бул тууралуу платформанын иштеп чыгуучусу Сагындык Балтабаев менен маектештик.