Abank_nov
SerepTV Logo

“Өлүмүнүн так себеби аныкталсын”. Бир ай изделген Ханэлдин сөөгү табылды

Буга чейин 28 жаштагы Ханэл Жоробаевдин дайынсыз болуп, изделип жатканы тууралуу видеоматериал даярдаганбыз. Жоробаевдин жансыз денеси 2-ноябрь күнү Көк-Жар айылынан табылды. Анын атасы Бешболуш Матисаков уулунун өлүмүнүн так себебин аныктап берүүнү укук коргоо органдарынан суранды. 
SEREPTV телеканалы Жоробаевдин каза болгонуна байланыштуу жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт.

SEREP MEDIA