Abank_june
SerepTV Logo

Кегетиде суудан сөөгү табылган бала жерге берилди

4 күн мурда Кегети капчыгайында сууга агып кеткен баланын сөөгү бүгүн, 26-июнда табылды. Буга чейин анын 13 жаштагы эжесинин жансыз денеси табылган эле. Издөө иштерине 5000дей адам тартылды. Ыктыярчылар издөө иштери кандай жүргөнүн айтып беришти. Ал эми балдардын жакын тууганы “уул-кызыбыздан бирдей айрылып отурабыз. Экөө тең тарбиялуу, боорукер, жакшы балдар болчу. 

Үй-бүлөбүздүн атынан издөө иштерине катышкандарга ыраазычылык билдиребиз” дейт.  Бир жеңден кол чыгарып, жапырт жардамга келген жарандар баланын жаназасына катышты.

SEREPTV телеканалы үй-бүлөнүн аза кайгысын тең бөлүшүп, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.