Абакка үлпөт көйнөк кийип барган келин: “Күйөөм өлтүрүп алган адамдын жакындарынан кечирим сурайм”
Абакка үлпөт көйнөгүн кийип барып интернет айдыңында таанылган келин SEREPTV телеканалына маек берди. Ал жолдошу 2 жылдан бери абакта отурганын, ортосунда бир уулу бар экенин жана никесин расмий түрдө каттоодон өткөрүш үчүн абакка үлпөт көйнөгүн кийип барганын айтып берди. “Турмуштун көптөгөн кыйынчылыктарынан бирге өткөн жолдошумду башка бирөөлөрдүн сөзү үчүн таштап кетпейм” дейт каарманыбыз. Толугу менен видеодо.