Жогорку Кеңештин комитети 2025-жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту укту
Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын 2025-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет каралды.
Жыйында каржы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев маалымат берип, бюджеттин негизги көрсөткүчтөрүнө, анын ичинен киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышына токтолду.
Талкуу маалында депутат Эркинбек Исеналиев Чүй облусундагы социалдык объектилердин абалына байланыштуу маселелерди көтөрүп, авариялык абалда турган имараттар бар экенин белгиледи. Ошондой эле райондорду тез жардам унаалары жана медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу жагдайларына кызыкты. Муну менен катар депутат аймактардагы кадр маселесине көңүл буруп, адистерди региондорго тартуу боюнча системалуу чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.
Ал эми депутат Бекмурза Эргешов инфляциянын деңгээли боюнча маселе көтөрүп, баалардын өсүшүн ооздуктоо жана экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу багытында көрүлүп жаткан чараларга көңүл бурду. Ошондой эле депутат Бахридин Шабазов Чүй облусунун Ысык-Ата районунда жер мунапысын ишке ашыруу маселесин көтөрүп, айрым жарандарга укук белгилөөчү документтерди тариздөөдөн баш тартуунун себептерин сурады. Муну менен бирге жарандардын жер тилкелерин документтештирүү иштерин тездетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Депутат Медербек Саккараев болсо 2026-жылдын январь-август айларында экономикада 11 пайыздык оң динамика байкалганын белгилеп, акча которуулардын көлөмү кыскарган жана башка тышкы факторлор таасир эткен шартта экономикалык өсүштүн темпин сактоо мүмкүнчүлүгүнө кызыкты. Ошондой эле депутат жетишилген экономикалык өсүш жарандардын жашоосуна, тактап айтканда, эмгек акынын, кирешелердин жана калктын жашоо деңгээлинин жогорулашына канчалык таасир берип жатканын сурады.
Андан тышкары, депутат Сеид Атамбаев Аламүдүн районунун тургундарын социалдык объектилер менен камсыз кылуу маселелерин көтөрсө, депутат Рахат Жунушбаева ири инвестициялык долбоорлорду тартуу зарылдыгына көңүл бурду. Ошондой эле ал борбор калаадагы жол тыгындарын чечүү керектигине токтолуп, алдыңкы өлкөлөрдүн тажрыйбасын изилдөө жана колдонуу зарылдыгын кошумчалады.
Депутат Токтобүбү Ашымбаева социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө, анын ичинен социалдык объектилерди салууга, жолдордогу тротуарларды курууга байланышкан бир катар маселелерди белгиледи. Өзгөчө Байтик айылынын жана борбор калаанын айрым конуштарынын тургундары үчүн социалдык мааниге ээ маселелерге көңүл бурду.
Депутат Уланбек Жаанбаев өнүктүрүү фонддорунун алкагында облустар ортосунда каражаттарды бөлүштүрүү маселесин көтөрдү. Ал эми аталган багытта 1,5 млрд сом каралгандыгы белгиледи. Ошону менен катар Уланбек Жаанбаев аймактардын муктаждыктарын эске алуу менен каражаттарды адилеттүү жана натыйжалуу бөлүштүрүү зарылдыгын баса белгиледи. Андан сырткары, 2025-жылдагы аудитордук текшерүүнүн жыйынтыгында Ош шаарында аныкталган мыйзам бузууларга, анын ичинен курулуш жана шаар куруу талаптарын сактоо маселелерине токтолду.
Депутат Талайбек Масабиров мамлекеттик карыздын көлөмүнө кызыгып, 2025-жылдагы текшерүүнүн жыйынтыгында аныкталган мыйзам бузуулардын жалпы суммасын да сурады. Эсеп палатасынын аудитору жалпы суммасы 154 млрд сомдук мыйзам бузуулар аныкталганын, анын ичинен 150 млрд сому калыбына келтирилгенин маалымдады.
Депутат Жаныбек Аматов тартылган инвестициялардын көлөмүнө жана аймактарга, анын ичинде Кызыл-Кыя шаарына инвестиция тартууну мындан ары кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн сурады. Ошондой эле ал курулушу узакка созулган объектилерди бүткөрүү маселесин көтөрдү.
Депутат Исманали Жороев болсо Баткен облусунун инфраструктурасын өнүктүрүү зарылдыгына көңүл буруп, аэропортторду өнүктүрүү жана калк үчүн авиабилеттердин баасын төмөндөтүү маселесине да токтолду. Ал эми депутат Бакыт Чомоев Сокулук районундагы социалдык объектилердин курулушун аяктоо маселесине токтолуп, курулуш иштерин тездетүү жана объектилерди өз убагында пайдаланууга берүү зарылдыгын белгиледи.