Тармактык комитет БШКнын төрагасынын ар жылдык баяндамасын укту
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети бүгүн, 15-сентябрдагы жыйында 2025-жылга карата «Шайлоолорду, референдумдарды даярдоо жана өткөрүү практикасы, шайлоо укуктарын камсыз кылуу жана жарандардын укуктук маданиятын жогорулатуу, шайлоо мыйзамдарын аткаруу чаралары жана аны өркүндөтүү боюнча мыйзамдык сунуштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ар жылдык баяндамасын укту.
Маалымат менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров тааныштырды.
Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев буга чейинки парламенттик шайлоолордо аныкталган бир катар көйгөйлөргө токтолуп, анын ичинен талапкерлердин шайлоо фонддоруна ыктыярдуу кайрымдуулуктарды жүргүзүү үчүн QR-коддордун иштебегени тууралуу маселеге көңүл бурду. Ошондой эле майыптыгы бар адамдардын шайлоо участкаларынан тышкары добуш берүү тартиби тууралуу кеп кылган эл өкүлү мындай добуш берүүнү шайлоонун алдында эмес, шайлоо күнү өткөрүүнү сунуштады. Депутат Болот Ибрагимов добуштарды сатып алуу фактылары, алардын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча көрүлгөн чараларга токтолду. Депутат Венера Салямова шайлоочулардын шайлоого катышуусун жогорулатуу боюнча маселе көтөрдү. Ал эми комитет төрайымы Гульнара Акимбаева дагы майыптыгы бар адамдардын шайлоого катышуусун камсыздоонун маанилүүлүгүн белгилеп, алардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруу үчүн бардык шарттарды түзүү зарылдыгын билдирди.
Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү БШК төрагасынын жылдык баяндамасын эске алды. Жыйында мындан тышкары Кыргыз Республикасынын 2025-жылга карата республикалык бюджетинин аткарылышы тууралуу Министрлер Кабинетинин отчету угулду.