Мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө мурдагы вице-премьер, Каттоо кызматын жетектеген Тайырбек Сарпашев Токтогул районунун Торкен айылынын балансына мурун өзү алган жана жакын туугандарына катталган, Токтогул районунда жайгашкан 500 гектар жайыт жерлерин, ошондой эле 30 гектар сугат жерин кайтарып берди. Бул тууралуу Финпол маалымат таратты.
Руслан Сүйналиев финансы министри болуп дайындалды
Кечээ, 18-мартта президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Сүйналиев Руслан Мырзабекович мурда жүктөлгөн...












