Садыр Жапаров жана Ильхам Алиев бири-бирине орден тапшырды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-июлда Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиевге I даражадагы “Манас” орденин тапшырды.
Жогорку мамлекеттик сыйлык Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы жана эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы достукту чыңдоодогу эмгеги үчүн ыйгарылды. Сыйлык тапшыруу аземинде мамлекет башчысы Ильхам Алиевдин жетекчилиги жылдарында Азербайжан мамлекеттүүлүктү чыңдоодо, экономиканы өнүктүрүүдө жана ири долбоорлорду ишке ашырууда олуттуу ийгиликтерге жетишкенине токтолду.
Ал Азербайжандын президентинин колдоосу жана эки элди жакындатууга болгон туруктуу умтулуусунун аркасында кыргыз-азербайжан мамилелери бекем достукка жана өз ара ишенимге негизделген чыныгы стратегиялык өнөктөштүккө айланганын, ал эми бүгүн сапаттык жактан жаңы деңгээлге көтөрүлүп, союздаштык мүнөзгө ээ болгонун баса белгиледи. Садыр Жапаров ошондой эле Азербайжандын президентинин бекем тынчтыкты орнотууга, туруктуулукту чыңдоого жана аймакта кызматташтыктын жаңы атмосферасын калыптандырууга багытталган ырааттуу аракеттерин өзгөчө белгиледи. Ал Ильхам Алиевдин Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы достукту чыңдоого берилгендиги кыргыз элинин терең урмат-сыйына ээ экенин айтты.
Өз учурунда Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровго Азербайжан Республикасынын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы – Гейдар Алиев орденин тапшырды.
Салтанаттуу аземде сүйлөгөн сөзүндө Ильхам Алиев Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында Кыргызстандын жетишкен олуттуу ийгиликтерине токтолуп, өлкөнүн социалдык-экономикалык жактан динамикалуу өнүгүүсүн, республиканын бардык аймактарында жүрүп жаткан кеңири масштабдуу өзгөрүүлөрдү, ошондой эле анын эл аралык аброюнун бекемделишин баса белгиледи. Ал өзгөчө Ысык-Көл аймагынын тездик менен өнүгүп жатканын белгилеп, мынчалык кыска убакыт аралыгында мындай масштабдагы өзгөртүүлөр буга чейин болбогонун айтты. Азербайжандын президенти болуп жаткан өзгөрүүлөр Садыр Жапаровдун көрөгөч саясатынын, элине болгон берилгендигинин жана Кыргызстанды өнүгүүнүн сапаттык жаңы деңгээлине чыгарууга болгон умтулуусунун жыйынтыгы экенин белгиледи.
Ильхам Алиев ошондой эле Азербайжан Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө, ошондой эле эки мамлекеттин ортосундагы боордоштук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого кошкон салымын жогору баалай турганын айтты. Бул эмгегин таануунун белгиси катары ал Кыргызстандын президентине Азербайжан Республикасынын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы – Гейдар Алиев орденин тапшырды.