Садыр Жапаров Кореянын Улуттук жыйынынын спикери менен жолугушту
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда Корея Республикасына расмий сапарынын алкагында Сеул шаарында Корея Республикасынын Улуттук жыйынынын спикери Чо Чжон Шик менен жолугушту. Садыр Жапаров Корея парламентинин жетекчисин бул кызматка шайланышы менен куттуктап, жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирди.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарды камтыган эки тараптуу мамилелердин туруктуу мүнөзүн белгиледи. Ал парламенттер аралык түз жана ишенимдүү байланыштарды өркүндөтүүнүн, өз ара саясий ишенимди бекемдөөнүн, ошондой эле жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ырааттуу ишке ашыруунун зарылдыгына токтолду. Буга байланыштуу Садыр Жапаров парламенттер аралык кызматташтыкты саясий диалогдун негизги таянычы катары белгилеп, эки өлкөнүн тиешелүү комитеттери жана депутаттык топторунун ортосундагы байланыштарды активдештирүүнү сунуштады.
“Борбордук Азия – Корея Республикасы” форматындагы биринчи саммиттин жыйынтыктарына баа берип жатып, президент бул форматка катышкан өлкөлөрдүн парламент спикерлеринин кезектеги жолугушуусун Бишкек шаарында өткөрүүгө Кыргызстан даяр экенин белгиледи. Садыр Жапаров Корея Республикасынын президенти Ли Чжэ Мён менен болгон жемиштүү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктарын жана эки тараптуу документтердин топтомуна кол коюлганын айтып, корей парламентин жетишилген бардык макулдашууларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон мыйзамдык колдоо көрсөтүүгө чакырды.
Садыр Жапаров Кыргыз жарандарына түздөн-түз тиешелүү маселелерге өзгөчө токтолду. Ал Кыргызстандын жарандарына Корея Республикасында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө мүмкүндүк берген шарттарды түзүп бергендиги үчүн корей тарапка жогорку ыраазычылык билдирди. Муну менен катар Кореядагы мекендештердин санынын тез өсүшү социалдык камсыздоо жаатындагы эки тараптуу ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүүнү талап кылары айтылды. Бул контекстте Президент Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосунда социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо боюнча сүйлөшүүлөрдү тез арада аяктап, мамлекеттер аралык келишимди кол коюуга даярдоонун зарылдыгын белгиледи. Бул эмгектенген жарандарга ишенимдүү социалдык коргоону камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Өз кезегинде Корея Республикасынын Улуттук жыйынынын спикери Чо Чжон Шик президент Садыр Жапаровго сапары, жылуу куттуктоосу жана дайыма достук мамилеси үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Сеул Бишкек менен ар тараптуу өнөктөштүктү чыңдоого стратегиялык маани берип жатканын, ал эми парламенттер аралык диалог эки мамлекеттин жакындашуусунда жана жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды мыйзамдык жактан камсыз кылууда маанилүү роль ойной турганын белгиледи. Чо Чжон Шик Садыр Жапаровдун көрүнүктүү жетекчилигинин аркасында Кыргызстандын экономикасы тез өнүгүп жатканын айтып, эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана Корея Республикасынын Улуттук ассамблеясы тарабынан активдүү колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Ал артыкчылыктуу багыттардын катарында жасалма интеллект, алдыңкы технологиялар, энергетика жана саламаттык сактоо тармагын атап өттү.
Экономикалык өз ара аракеттенүүгө токтолгон спикер өз ара товар жүгүртүүнүн эки эсеге өскөнүн белгилеп, мунун натыйжасында Кыргызстан Корея менен соода жүгүртүүнүн көлөмү боюнча Борбордук Азия өлкөлөрүнүн арасында экинчи орунду ээлегенин айтты. Ал Кыргызстанда иш алып барган корей компанияларын колдоо максатында KOTRA (Кореянын Соода жана инвестицияларды илгерилетүү агенттиги) өкүлчүлүгүн ачуу пландалып жатканын белгиледи. Мындан тышкары, Чо Чжон Шик “Борбордук Азия – Корея Республикасы” биринчи саммитинин жүрүшүндө айтылган демилгелерди толук колдоорун билдирип, бул форматтагы парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүүнүн жогорку маанисин белгиледи.
Спикер ошондой эле келерки жылы Кореяда корей диаспорасынын Борбордук Азия өлкөлөрүнө көчүрүлүп келгенине 90 жыл толоруна өзгөчө токтолду. Ушуга байланыштуу ал Садыр Жапаровго жана Кыргызстандын элине корей диаспорасына дайыма колдоо көрсөтүп келе жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Жолугушуунун соңунда президент Садыр Жапаров өнөктөштүктү ар тараптуу чыңдоо багытындагы саясий багытты ырастап, Корея Республикасынын Улуттук жыйынынын спикерин Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды. Өз кезегинде Чо Чжон Шик чакырууну ыраазычылык менен кабыл алды. Ал жетишилген макулдашуулар жана өткөрүлгөн диалог кыргыз-корей достугунун жана кызматташтыгынын тарыхында жаңы мазмундуу баракты ачарына ишеним билдирди.