Жарандык көзөмөл комитетинин активисттери Садыр Жапаровдун тарапташтары делген топтун агрессиясы жана коркутуулары тынчын алып жатканын жарыялашты. Жана бул көрүнүшкө каршы күрөшүү үчүн жарандардын жана укук коргоо органдарынын аракеттерин бириктирүүгө чакырык ташташты.
Комитеттин кайрылуусунда конституциялык реформанын айланасындагы талаш-тартыштар курчуп кеткени жазылат. “Кыргыз Республикасы — эркин өлкө, анын ар бир жараны өз пикирин эркин билдирүүгө укуктуу. Буга чейин бир да жолу пикирлерге карата мынчалык агрессия жана коркутуп-үркүтүүлөр болчу эмес. Азыр бул ишти Садыр Жапаровдун тарапташтары делген топ тарабынан жасалууда”, — деп жазылат кайрылууда.
Ушул өңдүү пикирлер акыркы учурда коомчулукта арбын. Анын бирин алсак, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан соңку шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Орозайым Нарматова Садыр Жапаровду кескин сындап чыкты. “Сизди азыр колдоп жүргөн адамдар сиз камалып жатканда, сиз соттолуп жатканда кайда эле? Ошол кезде митингдерде ашып барса 500дөй адам жүрөт элек го? Чындыкты айтайын десем, фейктерге салып берип жатасыңар. Токтоткула. Мен сиздерге “Андай адамдардын биздин жаныбызда орун жок” деп расмий кайрылып коюңуздар дедим эле. Бирок аткарган жоксуздар. Мен эч кимден коркпойм. Зектерден да, бандиттерден да коркпойм” деп кайрылды Нарматова. Андан ары ал бир кезде “Мекенчил” партиясынан түрдүү түркөйлөр кошулуп кеткени үчүн чыкканын да жарыялады.
Азырынча жогорудагы кайрылуулар тууралуу президенттикке талапкерлигин көрсөткөн Садыр Жапаровдун өзүнөн жана анын штабынан жооп боло элек.