Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин вице-спикери кызматынан отставкага кетет. Бул тууралуу «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
«Мирлан Бакиров Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары катары жакшы иштеп берди, тажрыйба топтоду. Өзүн саясий чөйрөдө жакшы көрсөтө алды. Ал өз ыктыяры менен башка өсүп келе жаткан депутаттарга орун бошотуу максатында кызматын тапшыруу боюнча чечим кабыл алды.
Мирлан Бакиров соңку парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясынын тизмесин баштап катышып, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон.