Кыргыз Республикасына Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев келди
Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын бейформал консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келди.
«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.