«Өнүгүү-Прогресс» партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев «коррупцияга аралашкан чиновниктер эч нерседен коркпой калышты» дейт. Бул тууралуу ал «Супер ТВ» каналында «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди. «Ачыгын айтканда бүгүнкү күндө коррупцияга аралашкан чиновник эч кимден коркпой калды»,- дейт эл өкүлү. Ошондой эле ал учурдун көйгөйү катары аткезчиликти да атайт. «40 пайыздык контрабанда өлкөнүн экономикасынын 60 пайызын бузат. Контрабанда бул бизге жасалып жаткан диверсия»,- дейт Төрөбаев.
Минкаб төрагасы Казакстанга жумуш сапары менен барат
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 26-27-март күндөрү Казакстан Республикасына жумуш сапары менен барат. Касымалиев жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык...












