Жогорку Кеңештин депутаттары Бакиевдин мезгилиндегидей президенттин алдында атайын ыйгарым укуктуу орган түзүүнү сунуштап жатышат.
Алардын айтымында, аталган органдын милдети өлкөгө инвесторлорду тартып келүүгө багытталат.
Бул сунуш Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Гайпкулов менен Нурбек Сыдыгалиев парламенттин кезектеги жыйынында киргизилди.
Буга чейин мындай орган өлкөдө 2009-жылы Бакиев бийликте турганда түзүлгөн жана аны ошол учурдагы президенттин уулу Максим Бакиев жетектеп келген болчу.