Royal
SerepTV Logo

"Уят". Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн да сот залынан чыгарылды (видео)

"Уят". Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бүгүн да сот залынан чыгарылды (видео)

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевге козголгон эки кылмыш иши боюнча соттук териштирүү уланууда. Ага саясатчы жеткирилди. "Бул сот мага кысым көрсөтүп жатат. Соттук процессти менсиз өткөргүлө", - деди мурдагы өлкө башчысы. Андан кийин Атамбаевдин сот залына келген тарапташтары "позор" деп кыйкыра башташты. Экс-президент судья сүйлөп жаткан учурда айнек тосмону дагы тепкилеп, сот залынан чыгарылды.

Ал Калыс-Ордо конушундагы мектеп курууда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана түрк жарандарына мыйзамсыз паспорт берген деп айыпталууда.