Royal
SerepTV Logo

Гүлчөдө дайынсыз жоголуп, кийимдери сайдын жанында жаткан 71 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды

Гүлчөдө дайынсыз жоголуп, кийимдери сайдын жанында жаткан 71 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды
Бүгүн, 18-январда издөө-иштерин улантуу максатында 4 куткаруучу, 15 милиция кызматкери жана туугандарынан 3 адам тартылып, саат 11:10до жоголгон аялдын жансыз денеси суудан табылды. Ал кийин ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилгенин ӨКМден маалымдашты. 12-январь күнү Гүлчө айылынын тургуну болгон 71 жаштагы аял киши үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Жергиликтүү тургундар өз алдынча издөө иштерин жүргүзүшүп, аталган жарандын кийимдерин Гүлчө суусунун жээгинен табышкан.