Royal
SerepTV Logo

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулу камакта калтырылды

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулу камакта калтырылды
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 20-октябрга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине аталган райондук соттон билдиришти. Журналисттерге жактоочусу Алманбет Бексултанов билдиргендей, Кылмыш-Жаза кодексинин 327-беренеси (бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) менен кылмыш иши 8-сентябрда козголгон. 13-сентябрдагы Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдындагы митингден кийин ал 278-беренеге (массалык баш аламандыктар) алмаштырылган. Замирбек Шамшидин уулу 21-сентябрда УКМК тарабынан кармалганы айтылган. Бирок расмий маалымат бериле элек.