Royal
SerepTV Logo

Жарандык активист Мелис Аспековго дагы бир кылмыш иши козголду

Жарандык активист Мелис Аспековго дагы бир кылмыш иши козголду
Бишкектеги Биринчи май райондук соту жарандык активист Мелис Аспековду 20-июлга чейин №1 тергөө абагына кармоо тууралуу чечим чыгарды. Соттук отурумдун жүрүшүндө ага дагы бир кылмыш иши козголгону маалым болгон. Атайын кызмат 14-майда Жазык кодексинин “Алдамчылык” деген беренеси менен экинчи кылмыш ишин козгоп, тергөөчү №1 тергөө абагына которуу тууралуу сотко өтүнүч келтирген. Тергөөнүн маалыматына ылайык, ал 2016-жылы бир жарандан батир алып, акчасын бербей койгон.