Abank_nov
SerepTV Logo

Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү коюлган жерди аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү

Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү коюлган жерди аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү
 
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин 13-ноябрдагы буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Баатыры Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү коюлган болжолдуу жерди жеринен изилдөө жана аныктоо максатында ведомстволор аралык комиссия түзүлдү. Комиссияны Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов жетектейт.

Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирди:
Аскаралы Мадаминов – маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары, комиссиянын төрагасы;
Тыныстан Арзыбаев – Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунун директорунун орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Медеткан Шеримкулов – Кыргыз Республикасынын Баатыры, коомдук жана мамлекеттик ишмер, комиссиянын мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Уланбек Далиев – Президенттин Администрациясынын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн аймактарды өнүктүрүү секторунун башчысы, комиссиянын мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Замирбек Турсунбеков – Президенттин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башкы эксперти, комиссиянын мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Кыяс Молдокасымов – тарых илимдеринин кандидаты, профессор, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, комиссиянын мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Гүлбара Ишенапысова – саламаттыкты сактоо министринин орун басары, комиссиянын мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Нурбек Жумалиев – өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, комиссиянын мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Урмат Баялиев – Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги, комиссиянын мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Кубат Мукашев – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башкы башкармалыгынын орун басары, комиссиянын мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Мира Курманова – Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары, комиссиянын мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Кубатбек Табалдыев – Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүнүн профессору, тарых илимдеринин доктору, археолог, комиссиянын мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Орозбек Солтобаев – Кыргыз улуттук университетинин Тарых институтунун археология, этнография, булактаануу жана тарыхнаама кафедрасынын доценти, тарых илимдеринин кандидаты, археолог, комиссиянын мүчөсү (макулдашуу боюнча);
Сагынбек Нусурөталиев – Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин тарыхый-маданий мурастар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, комиссиянын катчысы (добуш берүү укугусуз).

Буйрукка ылайык, комиссия К. Молдокасымов тарабынан берилген маалыматтардын негизинде Кыргыз Республикасынын Баатыры А. Орозбековдун сөөгү коюлган болжолдуу жерге барып, жеринде изилдөө жана аныктоо иштерин жүргүзөт. Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча комиссия тиешелүү корутундусун жана сунуштарын 2026-жылдын 20-декабрына чейин министрликке киргизүүгө милдеттендирилди.
SEREP MEDIA