5-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында орун алган башаламандыкта жүздөгөн адам жаракат алып, бир адам каза болду. Анда 28 жаштагы Уларбек Нурлан уулунун сол, 34 жаштагы Талант Бейшеевдин оң көзүнө желим ок тийип, экөө бирден көзүнөн ажырап калышты. SUPER TV учурда Бишкектеги №4 шаардык оорукананын көздүн микрохирургиясы бөлүмүндө дарыланып жаткан алардан кабар алып кайтты.
“Химиотерапиядан кийин мектепке парик кийип барып жүрдүм” дейт ракка кабылган Каншайым
Каншайым Касымбекова 18 жашта. Каарманыбыз 4 жылдан бери кандын рагы менен ооруп келгенин айтат. Ал "Ата-энем ар дайым колдоп, мотивация...