Бүгүн күнгө жекшемби, 17-январь. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына элдин нааразы болуп чыкканына үч жарым ай өттү. Туура бир апта мурда жалпы шайлоочулардын 40 пайызына чукулу гана добуш берүүгө келип, анда Садыр Жапаров жаңы президент болуп, мамлекетти башкаруунун президенттик формасы тандалды. Жакынкы келечекте бизди жаңы Баш мыйзамдын долбоору боюнча референдум, карантинден улам жылдырылып кеткен жергиликтүү кеңештерге шайлоолор, жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоо күтүп турат. “Аптага серептин” бул чыгарылышында биз бул жуманын ичинде кайсы бирин кыйсыпырга салган, кайсы биринин түн уйкусун бузган окуянын тегерегинде саресеп салууну туура көрдүк.
Айбек Касымов: Эки жолу үй алабыз деген акчабызды алдатып жибердик”
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Айбек Касымов 9 жылдан бери айылдашынын үйүндө жашап келерин айтат. Дал ошол 5 бөлмөлүү үйүнө...