Бүгүн күнгө жекшемби, 13-декабрь. Президенттик шайлоого жана референдумга 1 айдан аз убакыт калды. Мөөнөттү эске салуу бөлүгүнө 4-октябрдагы митингди алып салып, референдумдун кошулуп калышы бекеринен эмес. Жаңы Баш мыйзамды кабыл алуу аракетинен башталып, бирок ал иш өлкө ичиндеги саясатчылардын жоон тобу, жарандык коомчулук тарабынан катуу сындалган соң, мамлекетти башкаруу формасы боюнча суроону элдин добушуна коюуну алып чыга калуу – мунун баары бийлик үчүн күнү бүткөндүн мөөнөтү эсептеле баштагандын белгиси болуп калышы ыктымал. Ушул жана башка жума ичиндеги башкы окуяларга “Аптага серептин” сегизинчи чыгарылышында саресеп салып көрөлү.
Элдик Банк 500 млн $ евробонддорду алгач ирет ийгиликтүү жайгаштырды
«Элдик Банк» ААК эл аралык капитал рынокторунда 500 млн АКШ доллары суммасында евробонддорду алгач ирет ийгиликтүү жайгаштырды. Бул тарыхый окуя...






