Бүгүн күнгө жекшемби, 13-декабрь. Президенттик шайлоого жана референдумга 1 айдан аз убакыт калды. Мөөнөттү эске салуу бөлүгүнө 4-октябрдагы митингди алып салып, референдумдун кошулуп калышы бекеринен эмес. Жаңы Баш мыйзамды кабыл алуу аракетинен башталып, бирок ал иш өлкө ичиндеги саясатчылардын жоон тобу, жарандык коомчулук тарабынан катуу сындалган соң, мамлекетти башкаруу формасы боюнча суроону элдин добушуна коюуну алып чыга калуу – мунун баары бийлик үчүн күнү бүткөндүн мөөнөтү эсептеле баштагандын белгиси болуп калышы ыктымал. Ушул жана башка жума ичиндеги башкы окуяларга “Аптага серептин” сегизинчи чыгарылышында саресеп салып көрөлү.
«20 мүнөттө эле сөөгүн алып келишти». Сокулукта көлмөгө чөгүп каза болгон балдардын жакындары
Кечээ, 2-февраль күнү Чүй облусунун Сокулук районундагы Майское айылында жакын туугандардын үч баласы үйдүн жанындагы көлмөгө чөгүп кеткен. 5 жаштагы...






