SerepTV Logo

Президент шайлоо өнөктүгүндө кызматын тапшырбаса, бул башка талапкерлерге кандай шарт түзөт?

Президенттик шайлоо учурунда мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун кызматта туруп талапкер катары катышуусуна мыйзам жол берет. Мыйзамга ылайык, президент жана Жогорку Кеңештин депутаттары шайлоо өнөктүгү маалында кызматын тапшырууга милдеттүү эмес. БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров шайлоо ачык атаандаштыкта өтөрүн, административдик ресурс колдонууга жол берилбей турганын жана БШКга бийлик тарабынан басым жок экенин айтты. «Собол TIME» рубрикасынын кезектеги чыгарылышын толугу менен видеодон көрүңүз.

SEREP MEDIA