Айдана Ниязбекова 24 жашта. Ал учурда Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетинде билим алат. Каарманыбыз көпчүлүк жаштардай эле “Тик Ток” тиркемесин активдүү колдонуп, ырдоого да кызыгат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү экендигине карабай, жашоого позитив менен караган Айдананын аракети жана алдыга койгон максаттары жаштар үчүн үлгү боло алат деп ишенебиз. Ал эми каарманыбызга колдоо көрсөтөм дегендер төмөндөгү номерге кайрылса болот: 0700 16 06 66
71 жаштагы апа: “Батирде канталага таланып жашап жатам”
Майрамхан Тойгонбаева 71 жашта. Ал ушул жашында Бишкектин четинде чакан үйдө батирде жалгыз турат. Кезинде бала төрөгөн сайын токтобогонун айткан...









