Royal
SerepTV Logo

Модель Эркеайым Абдуллаева экинчи наристесин күтүүдө

Модель Эркеайым Абдуллаева экинчи наристесин күтүүдө
Модель жана актриса Эркеайым Абдуллаева экинчи наристесин күтүүдө. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды. “2020-жыл, сага рахмат! Жылдын башында уулдуу болсок, жыл ортосунда экинчи ирет апа болууга мүмкүнчүлүк бердиң”, - деп жазган ал. Буга чейин моделдин жолдошу Тай-Мурас Ташиев да социалдык тармактагы баракчасына жубайы менен түшкөн сүрөттү жүктөп, “Кыз экен” деген билдирүү калтырган. Бирок көп өтпөй ал билдирүүнү өчүрүп салган. Белгилей кетсек, Эркеайым Абдуллаеванын жолдошу Тай-Мурас Ташиев – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу.
Unknown Author