Казакстандык ырчы Димаш Кудайберген АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байдендин инаугурациясына арналган жумалыкка катышат. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, иш-чара «Sister Cities International» эл аралык уюму тарабынан өткөрүлөт. Пандемияга байланыштуу салтанаттуу жумалык онлайн форматта өтөт.