Социалдык тармактарда айрым саясатчыларга, талапкерлерге жана анын тарапташтарына таандык делген аудионун тарашы боюнча УКМК териштирип жатат. Анда президенттик шайлоодон кийин массалык нааразычылык акция өткөрүү тууралуу сүйлөшүү жүргүзүлөрү айтылат. “Материалдар текшерилген соң экспертизага жөнөтүлөт. Анын жыйынтыгы боюнча бийликти күчтөп басып алууга чакырган адамдардын аракеттерине юридикалык баа берилет. Мындай аракеттер кылмыш жообуна тартууга алып келет. УКМК жарандардан кандайдыр бир чагымчыл билдирүүлөрдү жайылтуудан алыс болууга чакырат”, — деп жазылат маалыматта.
БШК Мадумаровдун депутаттык мандат маселесин карайт
Борбордук шайлоо комиссиясына Жогорку Кеңештин депутаты, “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши боюнча Биринчи Май райондук сотунун өкүмү түштү....